Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө кечээ, 15-мартта айдоочу сүзүп кеткен жөө жүрүүчү 1 сааттан кийин каза болуп калды. Окуя болгон жерге чогулган эл айдоочуну ур-токмокко алууга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузуки Лиана үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу каршы тилкеге чыгып, жол боюнда турган 2-3 аялды сүзүп кете жаздаган. Катуу келаткан унааны көргөн аялдар качууга үлгүрүп, алардын бири жетишпей калган. Катуу соккудан улам жабырлануучу 10 метрдей аралыкка учуп барып кулаган. Аял ооруканага жеткирилип, оор жаракаттардан улам 1 сааттан кийин көз жумган. Анын артында бир кызы жана уулу калганы маалым болду.
"Окуя болгон жерге чогулган эл айдоочуну сабаганга аракет кылган. Териштирүү иштеринин алкагында айдоочу таңга маал Бишкектен келип, уктабай жүргөнү аныкталган. Ал кечээ убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө",- деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков.