Чүйдө унаасын башкара албай калган айдоочу эки унааны сүзүп, өзү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди

Чүй облусунда унаасын башкара албай калган айдоочу эки унааны сүзүп, өзү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 16-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 15-март күнү болжол менен саат 13:00дө Аламүдүн айылынын 60 жаштагы тургуну
Г.А. БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен Ленин айылында баратып унаасын башкара албай жолдун четине чыгып кеткен. Ошол маалда Бирлик айылынын К.Н. аттуу тургунуна тийиштүү Тойота Виш унаасын жана Бишкек шаарынын тургуну А.Рга тийиштүү ВАЗ 21070 үлгүсүндөгү унааларды сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен БМВ унаасынын айдоочу жаракат алып, Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан