Бактардын артына жашынып унаа тоскон кайгуул-милициясынын кызматкерлерине чара көрүлөт

Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери эми бактардын артына жашынып туруп иш алып барышпайт”,- деди бүгүн, 16-мартта маалымат жыйында ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов. Анын айтымында, ар бир кызматкерге атайын маршруттар бекитилген. Бактын артына жашынып унаа тосушкан болсо, чара көрүлөт.

Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери аларга бөлүнгөн жол тилкесин иретке келтирүү менен алек болушат. Ал жерде унаа тыгындарын болтурбоо, жол эрежелери бузулуп же кырсык болсо, ошону карашат. Учурда Бишкек шаары менен Чүй облусу кызматтык унаалар менен камсыздалган. Мындан тышкары 12 жеке унаа келишимдин негизинде ишке тартылган. Алар менен инспекторлор жумушка чыгышса болот. Бирок унаа сөзсүз түрдө токтоого уруксат болгон жерде туруп, аба ырайы жаман болгон учурда гана инспектор ичине кирип протокол түзө алат. Мындан тышкары кызматтык эмес унаа менен мыйзам бузуучунун аркасынан кубалоого тыюу салынган”,- деди орун басар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Rednalf
2016-03-16 16:48:22
Булар бактын артына жашынганы качан,эчак эле чара көрүш керек болчу.
+3
Rifle_3
2016-03-17 00:34:39
Rednalf,кеч болсо да жакшы. Бактын алдына туруп алып тоссо боло берет эми. Жок дегенде 50% маскировка болот.
-1
Chubak3922
2016-03-16 17:02:33
Эми жакшы экен билип алдым
+6
Svoboda83
2016-03-16 17:18:08
Жакшы болду билип алдым рахмат туура чара колдонушуптур
+1
Jigit80
2016-03-16 18:05:18
Мунун баары курулай нерсе.Же мурда бар беле бактардын артына жашынып тособер,токтобогон унааны,мигалкасы жок озундун унаан менен куу деген?Жоок мурда деле жок болчу.Мурда чара корсо болбойт беле.Озу бирнерсени озгортуп же сатып жок кылыш учун эле ойду,тоону, ар нерсени бир айтып элди алдамай эле экенда.
0
Torreto
2016-03-16 18:22:27
Гайилер бак жок болсо поворот ко туруп алышатко)))
+1
ImranChik
2016-03-16 21:45:55
откондо бугундон баштап гайи турбайт жолдордо деб закон чыгарган элего . же мен туурамес тушунуп алгамбы
+1
azamat.95
2016-03-16 23:19:46
ImranChik, Ал Бабановдун планы болчу, аны да тебиштиго...
+1
perichte
2016-03-16 21:49:31
бакка.машинага жашынып турушат го булар дайыма эле.карап сересеп салып турсан озунчо эле бир жагынан кулкун келет, чычканды андыган мышыкка окшош.Акчаны дагы укмуш алышат бергендер да да алгандар да билишет кантип беришти жана кантип алышты...
+1
Aitpaaim
2016-03-16 22:26:05
Крутой машиналарды тосуштан коркушат келип келип жонокой элди сындыратта булардагы
+1
joodar_myrza
2016-03-17 11:30:10
Жакшы экен, МАИнин да жакшылары бар, түшүнүктүү, айтканынды уккан, бирок кайра кайталаба деп эскерткендери аз. Биринчи кезекте праваны алып анан сүйлөшүүгө өтөт, штрафын барбы деп, анан бересин акчанды.Себеби жол эрежесин бузбасаң тоспойт да, бузган соң айыбынды билип озун эле бересин алып коюуң деп.
0
Aytur
2016-03-17 20:03:41
Жашынып тоскондору кыжырга кийет! Бирок...
Откондо мен поликлиникадан чыгып эле сплошной полядан бурулуп кетип баратсам жанымда эле ГАИ турганын корбой калыптырмын кичинекей кызым менен элем. Правамды алып койду. -Байке мен шашып эле бурулуп кеттим кечирип койгула больницага шашып жаттым эле десем, такыр конбоду. Кутуп отурсам бир убакта пратакол алып келаткан, корсо кечирип правамды кайра бергени келатыптыр. Аябай жиндеп колумду сунсам правам экен, суйунуп кеттим! -Экинчи жолу кечирбейм деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан