Бишкекте “Тез жардам” кызматынын кызматкерлерине карата күч колдонуп, жумуш телефонун сындырып, ызы-чуу чыгарган жарандын үстүнөн арыз түшкөн жок. Аталган жаран милиция бөлүмүнө алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйүнө коё берилген. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 15-мартта саат 19:44 чамасында “Тез жардам" кызматына "Чүй кең көчөсү жана Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде 50 жаштагы адам өзүн жаман сезип жатат" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер ал жерде 39 жаштагы адамдын жүрөк тушу ооруксунуп жатканын аныкташкан. Жаран өз сөзүндө бир нече күндөн бери алкоголдук ичимдиктерди ичип жатканын айткан.
Ал Кардиология борборуна жеткирилип, тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөн. Ооруканага келатканда жаран өзүн жаман сезип жатканын айтып, унааны токтотууну талап кылган. Ал арада кызматкерлер менен урушуп, айдоочуга карата күч колдонгон. Көп өтпөй аталган жаран "Тез жардам" кызматынын имаратына келип жардам сураган. Кызматкерлер ал ооруканага барып кайрылуусу керектигин билдиришкен. Буга бейтап ызы-чуу салып, "жогорку мекемелерге арыз жазам" деп коркуткан. Кийин аны милиция кызматкерлери алып кетишип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.