Чехия парламентинин төрагасы: "Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок"

Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок. Мындай жеке пикирин бүгүн, 16-мартта журналисттерге Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек билдирди.

Анын айтымында, Орусияга каршы санкциялар Сириядагы окуяларга байланыштуу эмес, Украинадагы жана Крымдагы окуялардан улам салынган. "Менин оюм боюнча, Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок. Бирок орус тарап Минск келишимдеринде камтылган милдеттерди аткармайынча бул санкциялар жокко чыгарылбайт. Тилекке каршы, аталган милдеттер аткарылбай жатат, Украинада кырдаал басылбай жатат. Ошондуктан мен Орусияга каршы санкциялардын жакын арада жокко чыгарылышын көрбөй турам", - деди Гамачек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан