Төрага Жээнбеков: "Чехия өлкөбүздө чакан ГЭСтерди курууга 190 миллион доллар бөлүп бергени жатат"

Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди курууга 190 миллион доллар бөлүп берүү боюнча Чехия менен меморандум жана алдын ала макулдашуулар түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта журналисттерге Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, 2 чехиялык энергокомпания кыргыз өлкөсүнүн аймагында чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар. "Мындай инвестициялар дагы башка тармактарга да бөлүнөрүнө ишенебиз. Чехия бүгүнкү күндө Борбор жана Чыгыш Европанын эң өнүккөн мамлекеттеринин бири болуп саналат. Чехияда өнөр жай, унаа куруу жана башка тармактар мыкты өнүккөн. Бул өлкөнүн бюджети абдан жакшы, туруктуу. Биз мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланышыбыз керек",- деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан