Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну Свердлов райондук соту үй камагына калтырды. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу 16-март күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 12-март күнү болжол менен саат 00:20да болгон. Анда Мерседес 211 үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Жибек-Жолу көчөсүнөн батыш тарапка баратып жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Окуянын күбөсү унаанын артынан айдап барып айдоочуну токтоткон, бирок айдоочу унаасын калтырып качып кетүүгө үлгүргөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Э.Н. аттуу шаар тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 14-март күнү Свердлов райондук соту айдоочунун баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.