Биз социалдык тармакта

Алай районунун таштанды таштоочу полигону толугу менен тазаланып, жакын арада жашылдандырылат (фото)

Ош облусунун Алай районунун таштанды таштоочу полигону толугу менен тазаланып, жакын арада жашылдандырылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин акыр-чикир төгүлүп келген жайга көчөттөр отургузулат. "Таштанды төгүүчү жай аймактан бир топ алыс жерге көчүрүлөт. Учурда анын кайсы жерде орун алары расмий түрдө белгиленбегендиктен, акыр-чикир бир жерге чогултулуп жатат. Жергиликтүү бийликтин айтымында, буга чейин инспекциянын кызматкерлери эскертүү кагаздарын берип, таштанды таштоочу жайды көчүрүү боюнча билдирген. Эскертмелердин негизинде иштер аткарылганын кошумчалашты "Тазалык" ишканасынын өкүлдөрү”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tansuluu09
2016-03-16 19:44:34
Мынча коп экен таштанды
+1
Gulya21
2016-03-16 22:08:33
Tansuluu09,Район деп жататго район болгондон кийин таштандыда коп болотда айыл болсо экен коп дегидей
-2
Kuba-savai87
2016-03-17 10:25:42
Азаматсынар Алай жери, канча жылдан бери таштанды болгон жерди жашылдандырсанар. Алай району алга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан