Апрель айында “Ден соолук жана сулуулук-2013” аталышта өтө турган 8-республикалык медициналык жарманкенин негизинде 30-март күнү Бишкек шаарында веложүрүш болот. Жүрүш саат 10:00дө Түштүк дарбазадан башталып, Манас жана Чүй проспектилерине чейин уланат. Ал эми жүрүштүн финиши – борбордук "Ала-Тоо" аянты. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, бул жарышка бардык каалоочулар катыша алышат. Аларга коюлган талап, атайын баш кийим кийип келүү.