Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" Эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, "Палван" кайрымдуулук фондунун президенти, белгилүү спорт чебери Баяман Эркинбаев көзү тирүү болгондо 49 жашка чыкмак.
Баяман Эркинбаев 1967-жылы 17-мартта Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Айылдык орто мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кыргыз Республикасынын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин Спорт чебери, Эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу, Ибрагим Узаковдун (Тапанча балбан) колунда машыгып Кыргыз Республикасынын, Фергана өрөөнүнүн чемпиондугун багындырган.
Мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарындагы Токой чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы бүтүргөн. Спорттук карьерасын ошол жерде ийгиликтүү улантып, ал жерде эл аралык мелдештерге катышып бир кыйла такшалып, акырында Баяман-Палван деген атка да ээ болгон.
Эмгек жолун 1991-жылы "Жаңы-Арык" тамеки ферменттөөчү заводунда тамекичи болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан тартып Ош шаарындагы "Палван" кайрымдуулук фондунун башкы директору, 1996-жылдан тартып Ош облустук күрөш федерациясынын, кыргыз-германиялык "Юнион" биргелешкен ишканасынын президенти болуп эмгектенген.
Баяман Эркинбаев КРнын Жогорку Кеңешинин 1995, 2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланып, шайлоочуларынын ишенимин арттыруу менен турмуш-тиричилик маселелеринин жакшыруусу үчүн чоң иштерди аткарган. Депутаттардын тобу менен эгемендүүлүктүн калыптануу мезгилинде көптөгөн маанилүү мыйзамдардын кабыл алынуусуна демилгечи болгон.
Баяман Эркинбаев көз жумардын алдында бир топ коркутууларга учураган. Алгач ага 2004-жылы 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү саат 23:00дө "Кыргыз фильм" киностудиясынын жанында машинасына отурганда кол салуу болгон. Ал адам өлтүргүчтүн ою ишке ашкан эмес, ошондой эле иштин бети ачылбай калган. Баямандын байкашынча, ага кол салган адам орус улутундагы, спорт кийимин кийген адам болгон. Баяман Эркинбаев "бул атайын даярдалган саясий оюн" деп билдирген. Ал эми 2005-жылы 21-сентябрда саат 22:00дө аны Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен. Баяман Эркинбаевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
17-марттын жылнаамасы.