Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 17 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 41 жаштагы Д.Б. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу бий ийримдеринин биринен белгисиз адам анын 13 жаштагы кызынын чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы К.Ж. аттуу кыз кармалган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.