Бишкекте "мечиттердин биринен 4 электрондук саатты алдамчылык жолу менен алган" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 52 жаштагы К.О. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу мечиттердин биринен анын чала таанышы ишенимине кирүү менен 4 электрондук саатка ээ болуп алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.