Бүгүн, 17-мартта эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясына 14 жыл болду. Бул датага байланыштуу окуя орун алган Боспиек айылында куран окутулуп жана башка бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышмакчы.
Айта кетсек, 2002-жылы эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган.