Кадамжай районунда баланы сүзүп кеткен айдоочуга карата кылмыш иши козголо элек

Баткен облусунун Кадамжай районундагы 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча айдоочуга карата кылмыш иши козголо элек. Муну 17-март күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ күнү Абдыкадыр Орозбеков айылында Өзбекстандын Фергана облусунан Сох анклавына бара жаткан автобусту башкарган 59 жаштагы К.Равшанжан аттуу айдоочу 2-класстын С.Элдар аттуу окуучусун сүзүп, ал оор жаракаттарынан улам каза болуп калган. Айдоочу учурда убактылуу кармоочу жайда, ага карата кылмыш иши козголо элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aibek.nur.8597
2016-03-17 16:34:10
Бир байкуш колунда жоктун баласы болсо кк да ошон ун иш козголбой атса кк
0
Adi.Avazbekov
2016-03-17 17:35:50
menin aiylymgo baikuw bala jaiy jannattan bolsun
0
meerimma84
2016-03-17 20:45:11
Кармап отуруп тургула, бир кап акча берип апчыгып кетет. Биздин чондор милициялар сотттор баары бок семиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан