Таш-Көмүрдө 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Акыркы эки күндөн бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кызды издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок издөө иштери азырынча өз натыйжасын бере элек. Кызды издөө иштери бүгүн да улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikol87
2016-03-17 09:46:30
Тынч эле болсо экен,эсен аман уйуно келсин.
0
EarPods
2016-03-17 10:04:01
Табылып кетсе экен эми
0
joodar_myrza
2016-03-17 11:02:51
Табылып калсын эми ата-энесин кыжаалат кылбай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан