Бишкекте таштандылардын арасынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Муну бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы төрөлгөн кыздын жансыз денеси 16-март күнү саат 11:00 чамасында таштанды төгүүчү жайдан табылган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ымыркайды Б.Н. аттуу жаран таштанды аралап жүргөн маалда таап алганын аныкташкан. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.