16-март күнү саат 20:51де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жетти.
Очогу Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кутургу айылынан түндүк-батышка карай 8 чакырымда, Ак-Булуң айылынан түндүк-батышка карай 13 чакырымда, Күрмөнтү айылынан түндүк-батышка карай 15 чакырымда, Түп айылынан түндүк-батышка карай 26 чакырымда жайгашты.
Жер титирөө Кутургу айылында 3 балл, Ак-Булуң, Күрмөнтү айылдарында 2,5, Түп айылында 2 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.