Талас шаарында унаа оңдоочу жайда өрттөнгөн унаанын ичинен күйүп кеткен адамдын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан Гольф 3 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Унаанын ичинен эркек адамдын күйгөн жансыз денеси табылган, учурда анын өздүгү жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.