Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин борбордук эсеп бөлүмүнүн жогорку кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Муну 17-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эсеп бөлүмүнүн кызматкерлери жалган маалыматтарды жазуу менен 2014-жылдын октябрь айынан 2015-жылдын ноябрь айына чейин студенттердин окуусуна төлөнгөн акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 380 миң сом зыян келтирилген. Факт боюнча аталган кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.