Кыргыз жеринде сентябрь айында командалык Шанхай Кызматташтык Уюмунун антитеррордук штабдык машыгуу иш-чарасы өтөт. "Тынчтык миссиясы-2016" деп аталган иш-чарага Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Кытайдын, Тажикстандын жана Орусиянын аскердик делегациялары катышат.
Бүгүн, 17-мартта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда аталган мамлекеттердин аскердик делегацияларынын жетекчилеринин катышуусунда протоколго кол коюлду. Буга катар анда штабдык машыгууну каржылоо, аскердик техникалардын саны жана күжүрмөн курамдар боюнча сүйлөшүлдү.
Июнь айында дагы бир отурум болуп, анда антитеррордук штабдык машыгууну уюштуруудагы аткарылчу иштер сүйлөшүлөт. Азырынча машыгууну 5-13-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өткөрүү пландалууда.