Боспиек айылындагы Шейит мазарында жыл сайын Аксы окуясында каза болгондор эскерилип, куран окулат

Шейит мазарында жыл сайын Аксы окуясында каза болгондор эскерилип, куран окулат. Бул тууралуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Зулайка Көпөйөва бүгүн, 17-мартта кабарлады.

"2002-жылдан баштап ушул күнү Шейит мазарында жыл сайын куран окуп, каза болгондорду эскерип келебиз. Быйыл бул окуяга 14 жыл болуп жатат. Анда эл Боспиек айылынын тушундагы аймакка чогулган. Андыктан мазар дагы ушул жерде",- дейт айыл өкмөтү.

Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү тургундар, облустук администрациянын өкүлдөрү катышышты. Андан сырткары коомдук ишмер Азимбек Бекназаров да жүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан