Бишкек. Өлкө башчынын атынан Аксы жана Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл коюлду (фото)

Бүгүн, 17-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 2002-жылдын Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондорго тургузулган эстеликке гүл коюлду. Президенттин маалымат кызматы өлкө башчы өзү учурда Аксы районунун Боспиек айылында Аксы окуяларынын 14 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышып жаткандыктан, эстеликке гүлдү президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов койгонун билдирди.

Эскерте кетсек, Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болгон. Анда Аксы районунун эли камакка алынган ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп чыгышкан. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында район борборун көздөй бараткан 500 чамалуу адамга каршы ок атып, бул күнү 5 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rafo80
2016-03-17 15:10:30
А эмнеге именно шайлоого жакындап калганда эстешет Аксы окуясын.Буга чейин унутуп калышкан эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан