Монголиядагы табигый ресурстарды эффективдүү башкаруу боюнча жыйынга кыргыз өлкөсүнөн өкүлдөр катышууда

Учурда Монголиянын Улан-Батор шаарында табигый ресурстарды эффективдүү башкаруу боюнча эл аралык конференция өтүп жатат. Бул жыйынга Кыргыз Республикасынан Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев баштаган делегация барган.

Анда Мьянма, Түштүк Тимор жана Ооганстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда. Жыйында казылып алынуучу өндүрүштөрдү туура багытта колдонуу маселелери талкууланып, Австралия, Норвегия жана Канада сыяктуу мамлекеттердин бул жааттагы тажрыйбасы сөз болду.

Сөз алган Д.Зилалиев Кыргыз Республикасынын ресурстарды башкаруу жаатындагы ийгиликтери, алган тажрыйбалары тууралуу айтып берди. "Конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасынын тажрыйбасына кызыгышып, көп суроолорду беришти" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nur0077
2016-03-17 14:33:21
Биздин чиновниктер чындап уйронуп келсе жакшы,уктап-уктап келсе,толк чыкпайт.Себеби Кумторду чондор сатып жиберген илгери эле.Калгандары кендерди толук сатып жок кылуу алдында турат.
0
samira8589
2016-03-18 12:23:50
Биздикилер биринчи озубуздукун эффективдуу пайдаланышты уйронсунчу,анан бироого совет бергиле,колунан бир нерсе келгенде Кыргызстаныбыз Дубайдын жапжашылы болуп кетмек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан