Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Сокулук районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан сарайдын чатыры жана 5 куб отун күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Гагарин көчөсүндө жашаган үй ээсинин 25 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган сарайы жана 5 куб отун күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан