Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анда 70 жаштагы карыя түтүнгө ууланып калды. Муну 17-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен таңкы саат 5:49да Көлбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен үй эмеректери күйүп, анын кесепетинен бөлмөдөгү 70 жаштагы карыя түтүнгө ууланып калган. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери тиешелүү медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жабырлануучу ооруканага баруудан баш тартып, үйүндө калган.