Бүгүн, 17-мартта Бишкекте 7-апрель революциясын эскерүү курултайы болуп өттү. Курултайга "Апрель байрагы", "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Элдик кайрат" коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү, Аксы окуясында каза болгондордун ата-энелери, Талас жана Нарын облустарынын тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Апрель революциясына арналган видеотүрмөк көрсөтүлүп, ар бир коомдук бирикменин өкүлдөрү өткөндү эскерип, учурдагы абал тууралуу кеп козгошту. Курултайдын уюштуруучусу "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин башчысынын орун басары Амантур Жамгырчиевдин айтымында, бүгүн 7 пункттан турган резолюция кабыл алынып, документ президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөткө жана Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү.
"Эскерүү курултайын быйыл экинчи ирет өткөрүп жатабыз. Биздин максат Апрель баатырларын дагы бир жолу эскерүү, Апрель революциясы боюнча соттук иштердин аягына чыгышын талап кылуу, Бакиевдерди экстрадиция кылуу болуп саналат",- деди уюштуруучу.
Иш-чаранын алкагында 7-апрель революциясынын баатырларынын эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.