Чүйдө 23 жаштагы айдоочу кыз жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти

Чүй облусунда 23 жаштагы айдоочу кыз жөө жүрүүчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу 17-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 16-март күнү болжол менен саат 10:00дө Бишкек шаарынан "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо жол кырсыгы катталган. Анда Лексус үлгүсүндөгү унаасы менен Раздольный айылынын 23 жаштагы А.А. аттуу тургуну Нарын облусунун 52 жаштагы Э.Т. аттуу тургуну жөө баратканда сүзүп алган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилип, унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
lolo.1
2016-03-17 17:10:30
Кааап эми
0
abusait
2016-03-17 21:01:50
рулда маймылга окшоп айдаса керекда. Этият болгула мындай айдоочудан.
0
Bars111
2016-03-18 01:42:16
Атасынын унаасыда же о....нун.
+2
Nazikbaigazy
2016-03-18 03:11:46
Лехсуз болсо дагы бир байдын копкон кызы да ертен еле чыгып кетет корбодум билбедим болуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан