Чүй облусунун Беловодск айыл аймагындагы темир жолунда эки адамдын жансыз денеси табылганын SUPER.KG порталына 17-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-март күнү аталган аймактагы темир жолдон аял кишинин жансыз денеси табылган. Тергөө иштеринин алкагында маркум 2000-жылдан бери Психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандыгы маалым болгон. Жакындарынын айтымында, ал аял үйүнөн чыгып, бир канча күн бою келбей койчу.
Ошол эле аймакта 11-март күнү 30-35 жаш чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Машинисттин жана окуяга күбө болгондордун айтымында, поезд жакындап калган маалда ал рельске өзү эле жатып алган. Тергөө иштеринин алкагында каза болгон жаран жубайы менен урушкан соң ушул жолго барганы аныкталган. Поезддин алдына калардын алдында жубайынын уюлдук номуруна коштошуу билдирүүсүн жибергени да маалым болгон.