Борбор калаада "таанышынын унаасын тартып алган" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-март күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 30 жаштагы С.Н. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 20:30 чамасында Абдумомунов жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен иниси айдап жүргөн Мерседес-Бенц Е 320 үлгүсүндөгү унааны Улан аттуу таанышы күч колдонуу менен тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Э.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.