СУПЕРСТАН: "Суициддин башкы себеби - тарбиянын жетишсиздиги, жашоого жеңил ой жүгүртүү"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Суицид жаш муундун моралдык трагедиясыбы?" деген тема талкууланып жатат. Темада коомдогу актуалдуу көйгөй козголуп, колдонуучулар арасында көптөгөн талаш-тартыштар болууда.

Автор: "Жаш кезибизде биз суицидди кинолордон же чыгармалардан гана көрчүбүз. Өкүнүчтүүсү, акыркы учурларда бул илдет бизге өтө жакын келди. Барган сайын өзүн өзү өлтүрүү кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Достор, айткылачы, эмне себептен жаш балдар мындай кадамга барып жатышат? Бул кесепетти кантип жойсо болот?"- деген суроо салган.

Айрым форумчулар: "Балага жетишерлик тарбия берилбегенден ушундай оору менен көптөгөн жаштар оорушат. Анткени азыр көпчүлүк ата-энелер турмуштун айынан чет жакка кетип жатышат. Анан жетишерлик тарбия албаган бала кичине кыйынчылыкка чыдабай өз жанын кыят да",- дешип ата-эненин тарбиясынан көрсө, башка колдонуучулар: "Бул нерсени жоготуу үчүн мектептерде психологиялык сабактарды өтүү керек",- дешет.

Дагы бир колдонуучу буларды психологиялык жактан жабыркагандар катары эсептээрин айтып, төмөндөгүдөй маалымат кыстарып кеткен:

"Өзүнүн жанына кыянаттык кылуу боюнча фактылар Литва, Корея, Гайана, Казакстан, Беларусь, Венгрия, Япония, Латвия жана башка өлкөлөрдө көп катталса, араб өлкөлөрүндө жокко эсе. Суициддин себептери: Руханий тарбияны жеткиликтүү алган эмес. Жашоо системин билбейт. Баалуулуктарын туура эмес коюп алган. Максатты туура эмес койгон. "Ар кандай кыйынчылык, азап келбесин, ар дайым бактылуу болуу" деген максаты жок. Жашоону жеңил-желпи ойлойт. Ар дайым бактылуулук, ийгилик, байлык, мансап менен жүргөндөргө да өтө кыйын абал келерин билишпейт. Акыркы учурда инсандарда өзүмчүлдүк мүнөз өтө күч алган. Туура эмес маалымат алуусу (террорчулук, сатанизм ж.б.). Зулумдуктун көбөйүшү. Кыргыз Республикасы үчүн - экономиканын алсыздыгы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tyrgon
2016-03-18 13:24:31
Сабырдуу эрктуу чыдамдуу бул озу Эмне экенин билишеби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан