Кылмышка шектелип издөөдө жүргөн экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу Тимур Тойчубеков кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, кармалган жаран алдамчылыкка шектелип, Интерполдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн өтүнүчүнүн негизинде колго түшүрүлдү.
Ал "орусиялык банктардын биринен мыйзамсыз ири суммада акча алган" деп айыпталууда. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Маалыматка таянсак, компаниялардын биринин жетекчиси Тимур Тойчубеков башка компания менен биргеликте жылдык 12 пайыздык үстөгү менен 500 миң доллар насыя алууда орусиялык банктардын бирине жалган маалыматтарды көрсөтүп, өзүнүн компаниясына караштуу жер тилкеси менен акцияларын күрөөгө коюшкан. Банктан тийиштүү сумманы алары менен эки компаниянын башчысы (Т.Тойчубеков менен шериги Ч.Т.) "насыя боюнча келишим жараксыз" деген Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберишкен.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Кылмышка шектүүнүн атасы, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков "кызматта турганда компаниялардын бирине мыйзамсыз күбөлүк берген жана пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошоткон" деп айыпталып, учурда эл аралык издөөдө жүрөт.