Бишкекте базарлардын биринен жынсы шым уурдоого шектелип 2 кыз кармалды

Бишкекте базарлардын биринен жынсы шым уурдоого шектелип 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы М.А. аттуу кыз кайрылган. Ал "Алкан" базарынан саат 13:30 чамасында белгисиз эки кыз жынсы шымын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 17 жаштагы Р.Ю. жана А.Н. аттуу тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mahabbat
2016-03-18 10:00:44
Жынсы шым кийгилери келиптир эле да. Болгонун кийип, он эле журушпойбу, уурдап-нетпей
+1
A3A
2016-03-18 10:36:54
Эээй кыздар эмне болуп баратасынар???
+2
89elnura89
2016-03-18 11:29:49
Шерменде...Кыздарга кантип уурулук жарашсын.Кыздар намыстуу,ыймандуу,боорекер келечектеги эне. Уят..
Уят
+1
Rifle_3
2016-03-18 12:49:11
Кыргыз кыз эмес окшойт биринчиси ?
Негизи уят да шым уурдаган. Эх өкүнүчтүү .
0
Farm94
2016-03-18 19:42:05
Чынын айтканда акыркы учурларда кыздар базарларда коп уурулук кыла башташты Дордойдо канча соодагерди какшатыкан св
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан