Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясында өрт чыгып, эки адам жабыркады

Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясында өрт чыгып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү саат 16:00 чамасында Жылуулук электр станциясындагы көмүрдү майдалоочу тегирмендин ичинен белгисиз жагдайлардан улам өрт чыгып, анын кесепетинен Новопокровка айылынын В.В. аттуу тургунунун башы, моюну, бети жана денесинин 90 пайызы күйүп калган. Андан сырткары Ю.Г. башы, денесинин өйдө жагы, денесинин 12 пайызы 1-2-3 даражадагы күйүк алып, борбордогу ооруканалардын биринин күйүк бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факт боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды. Окуя боюнча чогулган иш кагаздары Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан