Бишкектин жаңы конуштарынын биринде болгон кыздардын "разборкасы" SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: XxX_1).
Акыркы кездерде ушул сыяктуу уруш-талаштардын көбөйгөнү өкүндүрбөй койбойт. Айымдарыбыз таш боорлукту адатка айландырып, анысы аз келгенсип ал "эрдигин" интернет айдыңына жарыялоого өтүштү. Аял деген эне, аял деген бүт дүйнөнү кармап турчу мээрман эмеспи. Мындай нерселерди сабырдуулук, акылдуулук менен чечүүгө болор...
Материалда сабалып жаткан кыз берки кызды жана анын жакын адамын соцтармактарга жамандап жазганы үчүн андан өч алып жатканын алардын сөздөрүнөн байкоого болот. "Колуңдан келгенин кылып ал дедиң беле, көрсөтөйүнбү колумдан келгенин? Майрамбек сага "мырка" болуп калдыбы?"- деп сөгүнөт.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.