17-март күнү саат 13:42де Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, өрттүн кесепетинен үй ээси, 1954-жылы туулган Р.М. аттуу аял түтүнгө ууланып, "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок түтүнгө ууланган аял ооруканадан каза болгон.