Казакстанда педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө кастрация колдонула баштайт

Казакстанда педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө бычуу ыкмасы (кастрация) колдонула баштайт. Бул тууралуу "Ньюсказ" басылмасы кечээ, 17-мартта жазып чыкты.

Казак парламентинин сенаты "Балдарды коргоо" мыйзамына бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон. Анын ичинде педофилдерге ушул жазаны колдонуу да бар.

"Химиялык бычуу - сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн колдонулуучу медициналык ыкма. Бул бир жолу сайылчу инъекция. Аны сайган соң адам өмүр бою ошол бойдон калбайт. Бул жаза медициналык мекемелердин соттук чечиминен кийин гана колдонулат",- деген сенатор Бырганым Айтимова.

Химиялык бычуу учурда кайтарылчу процедуралардын катарына кирет. Анын бул түрүндө адамдын сексуалдык активдүүлүгү гана төмөндөйт.

Эске салсак, химиялык кастрацияны педофилдерге колдонуу 2013-жылы биздин да өлкөдө сунушталган, бирок ошол бойдон каралбай, унутта калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chonkurulush
2016-03-18 11:31:41
Бизде качан закон иштеген
0
Rifle_3
2016-03-18 12:42:57
Азамат казактар. Колдонгула !
Бизде да колдонуш керек. Мен он манжалап колдойм !
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан