Ок тийип каза болгон чек ара аскери Абдрасул уулу Кадырбектин ысымы өз айылындагы көчөгө ыйгарылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Улук айылындагы көчөлөрдүн бирине кенже лейтенант Абдырасул уулу Кадырбектин ысымы берилгенин Чек ара кызматы билдирди. Иш-чара 24-мартта болуп, ага аталган аскер менен чогуу кызмат өтөгөн аскерлер, анын жакын туугандары жана айыл тургундары катышты. Эске салып кетсек, Абдрасул уулу Кадырбек 2012-жылдын 17-июнунда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Булак-Башы” өткөрүү бекетинде болгон окуяда ок тийип каза болгон. Ага 2012-жылдын 27-августунда УКМК тарабынан “Эрдик” медалы берилген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан