Бүгүн жума намаз алдында Москванын муфтийи метродо аялды куткарган Марат Исаевди сыйлайт

Бүгүн, 18-мартта Москвада жума намаз алдында шаардын муфтийи Ильдар Аляутдинов метродо аялды куткарган Марат Исаевге ыраазычылык кат жана белек тапшырат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жергиликтүү муфтиятка шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Москва убактысы боюнча саат 12:30да (Бишкек убактысы боюнча 15:30да) Собор мечитинде миңдеген адамдардын катышуусунда өтмөкчү. "28 жаштагы Марат Исаев өзүн баатыр деп эсептебейт, бирок Орусиянын Муфтийлер кеңеши жана Орусиянын Мусулмандар диний башкармалыгы Кыргыз Республикасынын жаранынын эрдигин белгилөөнү чечишти",- деп айтылат маалыматтарда.

Эскерте кетсек, 11-февралда кыргыз жараны Марат Исаев Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aselushka
2016-03-18 11:13:25
жонокой ,эр журок жигитибиз ушундай сыйлыктарга татыктуу.
+6
rumi04
2016-03-18 11:18:48
Азаматсын . Анча мынча адам оз омурун тобокелге тигип бирон омурун сактабайт.
+9
bolotbai3
2016-03-18 11:21:33
Кандай сонун жакшы кабар,азаматтсын Марат.Россияда баардыгы Маратты сыйлап жатышат,аа биздин ЖКда ойлонуп жатышат берсекби же бербей койсокбу деп.Биздин лепутаттар озун эптей албай жатышат,башка маселелерди али бери чече алышбайт го.
+5
alik00
2016-03-18 11:22:04
Азаматсын
+2
a.m.akmoldoev
2016-03-18 11:35:44
Азаматсыз сыйлыгыныз кут болсун
+3
aqua.94mema
2016-03-18 11:38:58
Чолпонбайдан кийинки экинчи баатыр Марат . тарыхта кала турган иш коргозду . азамат .
+5
Rifle_3
2016-03-18 12:41:15
aqua.94mema,Чолпонбай баатыр боюнча , кеяээ жакында көрдүм . Казактар өздөрүнүн бир баатырын коюп алыптыр. Ал видеодо орустардын бир баатырын көрсөтүлгөнүн туура эмес деп, бул жерде казак болгон деп жүр-т.
0
MuslimNur95
2016-03-18 11:52:18
Коптгон адамдарга улгу болот деп ойлойм жердешибиз , Баардык жерде кыйын учурда жардам беруубуз керек.
+1
Umar080814
2016-03-18 11:57:39
жакшылыкты билгенге жаса дейт беле.
0
Aviator
2016-03-18 13:25:50
азамат.
0
kobra86
2016-03-18 13:35:23
Ма Ша Алла! Дагы деле толкунданып бутпой жатам окуган сайын сыймыктанып
+2
lolo.1
2016-03-18 14:49:39
Красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан