Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлеринин айлык маянасы 1-апрелден баштап 50 пайызга жогорулайт. Өкмөт билдиргендей, 22-мартта Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов аталган суу сактагычтын кызматкерлери менен жолугушуп, анда алардын айлыктарын 50 пайызга көтөрүү тууралуу сөз болгон. Бирок кызматкерлер айлыктарын 100 пайызга чейин көтөрүү талабын коюшкан. Эске салып кетсек, суу сактагычтын кызматкерлери айлыктарынын аздыгын айтышып 15-мартта нааразычылык акциясына чыгышып, 18-мартта иш таштоого барышкан. Маалыматтар боюнча алардын маянасы учурда 1700-3000 сом.