Чүй облусунда 3 жаран баңгизат менен кармалды

Чүй облусунда мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүүгө шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу 18-март күнү Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында Ысык-Ата районунун Люксембург айылынан Ысык-Ата районунун 23 жаштагы Д.Н., 24 жаштагы Н.Д. жана Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы С.У. аттуу тургуну кармалган. Текшерүү маалында Д.Н. аттуу жаранга тиешелүү буюмдардын арасынан 87 таблетка түрүндөгү жалпы салмагы 559 граммдан ашуун гашиш табылган.

Аталган факт боюнча "мыйзамсыз түрдө баңгизатты даярдоо, сактоо, таркатуу жана аны сатууга даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан