Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды. ӨКМнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолду тазалоого 2 бульдозер тартылып, кар көчкү 26-март күнү саат 06:00дө тазаланып бүттү. Эске сала кетсек, 25-мартта саат 14:30 чамасында аталган жолдун 82-чакырымында көлөмү 300 метр куб кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган болчу.