Бишкек шаарындагы батирлердин биринен үй эмеректерин уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарындагы батирлердин биринен үй эмеректерин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 17-мартта милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 13-мартта түнкү саат 00:00 чамасында Георгий аттуу киши анын батиринен кир жуучу машинасын, уктоочу бөлмөгө коюлуучу эмеректерди, муздаткыч, стол менен отургучтарын уурдап кеткенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында 62 жаштагы В.Г. аттуу жаран кармалып, учурда иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан