Япониялыктар тамакты ташып жүрүүгө ылайыкташтырылган кол саатты ойлоп табышты. Саат "Bento Watch" деп аталып, заманбап жашоо ритминде ар дайым колдо жүргөнү менен пайдалуу. Ал тамак үчүн атайын телескоптук таякчалар менен жабдылган. Бул тууралуу "КиевПравда" басылмасы кечээ, 17-мартта жазып чыкты.
Алгачкы үлгүнүн үстүндө өлкөдөгү белгилүү ашпозчу, саат устасы, жадакалса хирург да иштеген. Ар бир саат колго жасалып чыккандыктан, азырынча мындай гаджеттерди массалык түрдө чыгаруу пландала элек.