Ысык-Көлдөн табылган байыркы жандыктын сөөгүн изилдей турган адис - палеонтолог табылып, учурда табылганы изилдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева билдирди. Анын айтымында, 3 адамдан турган окумуштуулардын тобу сөөк табылган Жыргалаң дарыясынын жанында иштеп жатат.
“Буга чейин Улуттук илимдер академиясында байыркы жаныбарлардын сөөктөрүн изилдей турган адис - палеонтолог жок делинип келген, көрсө, бир окумуштуу бар экен. Учурда биз жардын боорунда туруп, татаал шартта сөөктү акырындап толугу менен чыгарып алуу аракетин көрүүдөбүз. Бул табылганы чыгарып, андан ары изилдөө үчүн Бишкекке алып келебиз. Алдын ала иш сапарыбыз 2 күн болот деп белгиленген. Бирок аба ырайынын начар болуп жатканы үчүн канча жүрөрүбүз азырынча белгисиз”,- деди академиянын өкүлү.
Эскерте кетсек, байыркы жандыктын баш сөөгүн жергиликтүү тургундар Ак-Суу районунун аймагынан жакында табышкан. Ал мамонттун сөөгү болушу мүмкүн деп божомолдонууда.