Бүгүн, 18-мартта Токтогул шаарында Токтогул районунун айылдарынан чогулган жарандардын катышуусунда митинг орун алды. Анда бийликке 7 талап коюлганын SUPER.KG порталына Кубан аттуу тургун билдирди.
Анын айтымында, андагы негизги талап электр энергиясынын баасын 0,9 тыйындан ашырбоо болду. Ошондой эле чогулгандар Чолпон-Ата айылында Узун-Акмат алтын кенин иштетпөө талаптарын да айтышты.
Кошумчалай кетсек, катышуучулардын так саны белгилүү эмес. Митинг эртең менен башталып, саат 12де аяктаган.