"Бишкек жана Чүйдөн кымбат баалуу унааларды алып, "акчасын бөлүп берем" деген шылтоо менен изин жашырып кеткен" деп алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

"Бишкек жана Чүй облусунан кымбат баалуу унааларды алып, "акчасын бөлүп берем" деген шылтоо менен изин жашырып кеткен" деп бир катар фактыларга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлерине "Азамат аттуу жигит кымбат баалуу унааларды "акчасын бөлүп берем" деген шылтоо менен алып, изин жашырып кетти" деген билдирүү түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары ушул сыяктуу кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн 34 жаштагы Д.А. аттуу шаар тургуну кармалган.

Бишкек ШИИББи бул жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0550) 10-26-80, (0553) 10-26-31, (0552) 10-25-06.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан