Бүгүн, 18-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Өлкөнүн чек арасында бүгүн күтүүсүз окуя катталды. Таңкы саат 7:40 чамасында Ала-Бука районундагы тактала элек аймакка өзбекстандык чек арачылар бастырып киришти. Коңшулаш өлкөнүн аскерлери аймакка 2 КамАЗ жана эки БТР киргизишип, Аксы - Ала-Бука райондорун байланыштырган жолго блокпост коюп алышты...
Аймакта ондогон (айрым маалыматтарда 200дөй деп айтылууда) өзбекстандык чек арачылар турат. Жергиликтүү тургундар өзбек тарап жер талашып жатканын айтышууда. Бирок өлкөбүздүн Чек ара кызматы "өзбек чек арачыларынын максаты түшүнүксүз" деп билдирди SUPER.KG порталына.
Албетте, кырдаалдын жөнгө салынышы сүйлөшүүлөргө жараша болот. Бирок коңшулардын мындай өзүм билемдигине, өлкөнүн эки районун бириктирген трассаны тосуп алышып аймакта жашаган кыргыздарды кыйнашына жол берилбеши зарыл! Мындайда өлкө жетекчилиги чечкиндүүлүк көрсөтүшү шарт. Аймактагы элдин коопсуздугу биринчи орунда турган маселе. Азыркы учурда жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.
Кыргыз тарап жолго коюлган блокпостторду алууну талап кылууда.
Өзбекстан бүгүн "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын өз аймагына киргизүүнү токтотту. Кыргыз Республикасы "Баймак-унаа жол", "Кең-Сай-унаа жол" жана "Кадамжай-унаа жол" пункттарын өзбек жарандары үчүн жапты...
Айылдарда жашаган жөнөкөй тургундардын чечкиндүү кадамы олуттуу кемчиликтерди жоюуга таасир этери дагы бир жолу далилденди. Жакында Баткендин Кулунду айылынын тургундарынын бири "Достук айылындагы оорукананын төшөктөрү жыртылып, кирдеп бүткөн. Бейтаптар акча төлөп жатышат, жаңыларына алмаштырып койбойбу?" деп билдирип, быйыл февралда тартылган сүрөттөрүн жөнөткөн эле. Маалымат "Элдик кабарга" чыгып, колдонуучулар кызуу талкуулашты. Көпчүлүк оорукананын жетекчилигин айыпташты...
Азыркы учурда аталган ооруканада эски төшөктөр жок. Качан алмашканы белгисиз, бирок бардык палаталарда жаңы матрастар, шейшептер... Муну аталган оорукананын атынан SUPER.KG порталына байланышка чыккан жергиликтүү тургун кабарлап, жапжаңы матрастар салынган оорукана палаталарынын сүрөттөрүн жөнөттү. Элдин үнү жетти, оңолууга тийиш болуп, бирок оңолбой жаткан кемчиликтер жоюлду деген ушу...
2010-жылкы Апрель окуясынын катышуучулары оппозиционер Адахан Мадумаровго "тынч жаткан элди козгобо" дешти. "Апрель байрагы" кыймылы бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, иштей турган маалда митинг, нааразычылык акцияларын уюштуруу орунсуз экенин белгилешти.
"27-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөнү жатат. Андыктан Адахан Мадумаров, Бектур Асанов сыяктуу оппозициячылар тынч жаткан элди козгобой, айтчу сөзүн депутаттарга айтышса жакшы болмок",- дейт кыймылдын мүчөсү Канатбек Ирсалиев.
Кыргыз тилине кайдыгер мамиле кылуунун артынан даңазалуу адамдары шылдыңдоого жол берилүүдө. Мындай пикир бүгүн Бишкек шаарында өткөн конференцияда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Аалы Молдоканов билдирди. Комиссиянын кызматкери башкы кемчилик көчө аттарын орусча жазууда жатканын айтат.
"Шаарда маршруттук такси айдаган айдоочудан баштап үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө чейин көчөнүн аталыштарына "а" тамгасын кошуп айтабыз. Бул такыр туура эмес. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде көчө аталыштары мамлекеттик тилде гана жазылып, туура айтылат",- деди Молдоканов.
Мындай кемчиликти тийиштүү органдар сөзсүз эске алууга тийиш. Кыргыз тилин өнүктүрүүдө мындан да олуттуу тоскоолдуктар турат. Башкысы - мамлекетте кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүүгө муктаждык жок.