Ош шаарында “Нооруз-2016” элдик майрамын өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2016” элдик майрамын өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган иш-чаранын алкагында шаар ичиндеги аянттар, эс алуу жана сейил бактары майрамга карата жасалгаланып, элдик көөнөрбөс каада-салттарга ылайык өткөрүлөт.

Шаардын борбордук аянтында майрамга карата “Ынтымактуу элден ырыс кетпейт” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерт көрсөтүлөт. Мындан тышкары “Биз таланттарды издейбиз”, “Эң мыкты элдик бий жамааты”, “Эң мыкты азем бийи”, “Балдар тарткан эң мыкты сүрөт”, "Эне жөнүндө ырлар" сынактарын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат.

Борбордук аянтта “Кадыр түн” тосуу каадасын өткөрүү максатында сегиз канат, алты канат боз үйлөр тигилип, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулуп, жаштар үчүн дискотекалар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан