Кыргыздын байыркы салттарынын бири - кызга калың берүү. Бул эки жаштын баш кошуусундагы жөрөлгөлөрдүн бири гана. Мындан башка да толтура салт-санаа, ырым-жырымдар бүгүнкү күндө да кадимкидей колдонулуп, муундан-муунга өтүп келет. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кызга калың төлөө салты туурабы?" деген темада талкууланууда.
Автор "Кызга калың төлөө салты тууралуу оюңар кандай?" деп суроо калтырган.
Форумчулар суроого:
"Энеге сүт акы берсе болот, ал эми калыңды кыздын энеси кайра эле төшөк-жаздык, эмерек алып берет, андан көрө эки жаш өздөрү эле үй алып, ичин толтуруп алганы жакшы".
"Шариятта калың берүү жок. Калыңдын ордуна мехр берилет. Мехрдин калыңдан айырмасы - мехр кыздын колуна, калың кыздын ата-энесине берилет. Эгер кызга мехр берилсе, кыз өз эрки менен ата-энесине же кайра күйөөсүнө берип койсо да болот".
"Калың бербей, сеп албай үйлөнсө жакшы болмок. Чыгым да азыраак кетет. Андан көрө эки жашты бутуна тургузуп коюшсун, акчалары ашып-ташып жатса. Анысы аз келгенсип, малды баалашып жаткансып баалашышат, анан "бул минтип, тиги тигинтип...", "устукан албай калып, чапан жаппай калып"... Ыраазы болгон киши жок, баары эле нааразы".
"Учурда "калың бергенге каршымын" деген жигиттер Кудай буйруп, ата болуп, өз кызы бой жетип, аны турмушка узатууда калыңды очойтуп эле сурайт. Эч качан "калың бербегиле, кызыма калың беришиңерге каршымын" деп айтпайт",- деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.