Шашылыш билдирүү! 19-20-мартта өлкөнүн айрым дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

19-20-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0...2° градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

2016-жылдын 18-мартынан 21-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137,
198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-209 чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) жана Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jany-aryk
2016-03-18 19:33:12
kudai saktasyn!byiyl oruk jeili
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан